1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

27

Илимий-изилдөө практикасы боюнча магистранттардын жыйынтыктоочу конференциясы

2026-жылдын 22-май күнү 550300 «Филологиялык билим берүү» багытынын, «Орус тили жана адабияты» профили боюнча ОТмаг-1-24 тайпасынын 2-курс магистранттары орус филологиясы кафедрасында илимий-изилдөө практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференцияда отчётторун даярдап, сунушташты.

Презентациялардын жүрүшүндө магистрант кыздар илимий-изилдөө иштеринин учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат берип, магистрдик диссертациялар боюнча аткарылган иштерди баяндап, ошондой эле аларды жыйынтыктоо этаптарын көрсөтүштү. Илимий адабияттарды талдоонун жыйынтыктары, изилдөөлөрдө колдонулган методдор жана ыкмалар, негизги корутундулар жана тандалган темалардын практикалык мааниси сунушталды.

Конференциянын катышуучулары изилденип жаткан көйгөйлөрдүн актуалдуулугуна, диссертациялык иштердин даярдык деңгээлине жана мындан аркы илимий изилдөөлөрдүн келечегине өзгөчө көңүл бурушту. Практика жетекчилери жана кафедранын окутуучулары магистранттарга диссертациялардын мазмунун өркүндөтүү, илимий аппаратты туура тариздөө жана магистрдик иштерди ийгиликтүү коргоого даярдануу боюнча сунуштарын беришти.