Иосиф Бродскийдин поэзиясындагы мейкиндик жана тил философиясы: XX кылымдагы орус адабияты боюнча ачык сабак
2026-жылдын 15-майында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Орус филологиясы кафедрасынын доценти Д.Т. Айылчиева РЯЛ-1-22 тайпасынын 4-курсунун студенттерине «XX кылымдагы орус адабияты » дисциплинасы боюнча «Иосиф Бродскийдин чыгармачылыгы: мейкиндик, убакыт, жалгыздык жана тил» деген темада ачык практикалык сабак өттү.
Сабак Иосиф Бродскийдин көркөм дүйнөсүн терең үйрөнүүгө, студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана поэтикалык текстти чечмелөө (интерпретациялоо) көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Сабактын жүрүшүндө Бродскийдин поэзиясынын негизги философиялык-эстетикалык категориялары — мейкиндик, убакыт, жалгыздык, эс тутум жана тил каралды.
- Сабактын биринчи бөлүгүндө студенттер «И.А. Бродский XX кылымдын экинчи жарымындагы орус поэзиясынын контекстинде» деген темада презентацияларды даярдашып, ошондой эле «Акыл чабуулу» усулун колдонуу менен талкууга катышышты.
- «Рождественский романс» (Рождество романсы) ырын талдоодо өзгөчө көңүл жалгыздык жана экзистенциалдык кусалык темасына бурулду. Студентер кусалыктын негизги образдарын аныктап, чыгарманын эмоционалдык атмосферасын түзүүдөгү шаардык мейкиндиктин ролун ачып беришти жана «Бродскийдеги кусалык» аттуу ассоциативдик картаны түзүштү.
- «Буюмдар мейкиндиги жана сүйүүнүн жоголушу» темасынын алкагында «Я обнял эти плечи и взглянул...» (Бул далыларды кучактап, карадым...) жана «Я вас любил» (Мен сизди сүйгөн элем) ырлары талданды. Окуучулар буюмдук деталдарды жазып алышып, көпөлөктүн (мотылек) символикасын түшүндүрүштү, чыгармадагы мейкиндик эмне үчүн жансыз катары кабыл алынары жөнүндө ой жүгүртүштү, ошондой эле буюмдар лирикалык каармандын ички абалын кантип чагылдырарын изилдешти. Бул иш «Адабий интерьер» усулун колдонуу менен коштолду. Бродскийдин «Я вас любил» ырынын Александр Пушкиндин чыгармачылыгы менен болгон интертексттик байланыштарын талдоо өзгөчө кызыгууну жаратты.
- «Большая элегия Джону Донну» (Джон Доннго чоң элегия) чыгармасын изилдөөдө студенттер убакыт жана космос категорияларын изилдеп, кайталануучу сөздөрдү таап, тизмектөө (саноо) эффектин аныкташты жана тексттин философиялык көйгөйлөрүн ачып беришти. Иш «Философиялык пазл» усулун колдонуу менен жүргүзүлдү.
Сабактын жыйынтыктоочу этабы «Часть речи» (Сөз түркүмү) түрмөгүнүн материалында «Тил — адамдын тагдыры катары» деген теманы талкуулоо болду. Студенттер Бродский тилди кандай түшүнөрү, акын эмне үчүн адамды «сөз түркүмү» деп атары жөнүндө ой бөлүшүп, «Акын — тилдин жашоо каражаты» деген учкул сөз боюнча мини-дебаттарга катышышты. «Аквариум» усулунун алкагында катышуучулар: «Бродскийдин поэзиясында эмне маанилүүрөөк — сезимби же ойбу?» деген суроону талкуулашты.
Сабакта заманбап интерактивдүү окутуу усулдары кеңири колдонулду:
«Акыл чабуулу», чакан топтордо иштөө, «Кластер» усулу, ассоциативдик карта, «Адабий интерьер», «Философиялык пазл», «Аквариум» усулу, ошондой эле «Ойду аякта» рефлексиясы.
Ачык сабак жогорку илимий-методикалык деңгээлде өтүп, студенттердин заманбап орус поэзиясына болгон кызыгуусун, аналитикалык окуу көндүмдөрүн жана адабий дискуссия маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.