1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

25

Согуштан кийинки он жылдыктагы орус адабияты боюнча конок лекциясы: илимдин, маданияттын жана муундардын эс тутумунун диалогу

2026-жылдын 12-майында орус филологиясы кафедрасында «Орус тили жана адабияты» багытынын студенттери үчүн «Согуштан кийинки он жылдыктагы орус адабиятындагы аңгеменин типологиялык өзгөчөлүктөрү (Ю. Нагибиндин “Кышкы эмен” аңгемесинин негизинде)» аттуу темада конок лекциясы болуп өттү. Лекцияны «Чет өлкөдөгү россиялык мугалим» долбоорунун мугалими Ефремова Ольга Викторовна өткөрдү.

Иш-чара жандуу илимий диалог атмосферасында өтүп, студенттер менен кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын чоң кызыгуусун жаратты. Лекциянын жүрүшүндө Ольга Викторовна согуштан кийинки он жылдыктагы орус адабиятынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн кеңири баяндап, адабий процесстин негизги типологиялык багыттарына, доордун көркөм аң-сезиминин эволюциясына, ошондой эле көркөм сөздүн маанилик жана эмоционалдык тереңдигине өзгөчө көңүл бурду.

Лекциянын борбордук бөлүгүн Юрий Нагибиндин «Кышкы эмен» чыгармасына жасалган терең адабият таануу анализи түздү. Чыгарманын көркөм өзгөчөлүктөрү, нравалык-философиялык проблематикасы, образдар системасы, композициялык түзүлүшү жана гуманисттик багыты кеңири ачылып берилди. Ошондой эле лекциянын алкагында Константин Паустовскийдин «Телеграмма» чыгармасы каралып, анын негизинде орус адабиятынын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктары, эс тутум, адамдык парз жана ички жоопкерчилик темалары көрсөтүлдү.

Угармандардын өзгөчө кызыгуусун лектордун согуштан кийинки мезгилдеги көркөм тексттин маанилүү өзгөчөлүгү катары сөздүн «маанилик жүгүн арттыруу» тууралуу ойлору жаратты. Анткени бул мезгилде ар бир сөз өзгөчө терең маани, эмоционалдык таасирдүүлүк жана философиялык мазмунга ээ болгон.

Лекция мазмундуу презентациялар менен коштолуп, алардын жардамы менен студенттер адабий материал менен кененирээк таанышып, чыгармаларды көркөм талдоонун өзгөчөлүктөрүн аңдап, XX кылымдын экинчи жарымындагы орус адабиятынын спецификасын тереңирээк түшүнө алышты.

Иш-чаранын алкагында Ефремова О.В. 2026-жылдын 23-апрелинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган майрамдык концертке катышкан студенттерге ардак грамоталарды тапшырды. Орус филологиясы кафедрасынын окутуучуларына патриоттук иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттары ыйгарылды. Өз сөзүндө Ольга Викторовна уюштуруучуларга жана концерттин катышуучуларына терең ыраазычылык билдирип, даярдыктын жогорку деңгээлин, чыгармачыл мамилени, аткаруунун чын ыкластуулугун жана жаштар арасында тарыхый эс тутумду сактоонун маанисин өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле Ефремова О.В. «Б. Осмонов атындагы ЖАГУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж. Усеновго билим берүү, маданий жана эл аралык демилгелерди колдогондугу жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

Конок лекциясына Филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Асылбекова Ч.А. катышып, Ольга Викторовнага жогорку кесипкөйлүгү, мазмундуу баяндамасы жана эл аралык билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле орус филологиясы кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Жусупова А.А. сөз сүйлөп, мындай илимий-билим берүү жолугушуулары студенттердин кесиптик калыптанышына, адабият таануу боюнча дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана орус адабиятын изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруудагы маанисин белгиледи.