1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

Кесиптик-базалык практиканын алкагында адабият сабагы боюнча ачык сабак

Кесиптик-базалык практиканын алкагында 2026-жылдын 13-мартында Сузак районундагы №44 жалпы орто билим берүү мектебинде кафедранын улуу окутуучусу Жамашева Н.С. практикант Маданбекова Айтунук өткөргөн ачык сабакка катышты. 9-класста өткөн адабият сабагы М. Ю. Лермонтовдун чыгармачылыгына жана анын «Үч пальма» аттуу ырынын талдоосуна арналды.

Сабактын жүрүшүндө окуучулар чыгарманын мазмуну, көркөм өзгөчөлүктөрү жана негизги идеялары менен таанышышты. Практикант текстти талдоо боюнча иш жүргүзүп, чыгармалардагы образдарга, символикага жана ырдын адеп-ахлактык маңызына өзгөчө көңүл бурду.

Сабак активдүү формада өттү: окуучулар талкууга катышып, суроолорго жооп берип, чыгарма боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү. Ачык сабакка катышуу практиканттын жакшы даярдыгын жана окуу процессин натыйжалуу уюштура алгандыгын көрсөттү.

Сабакты талкуулоодо практика жетекчиси Жамашева Н.С. жана мектептин методисти Ахмадалиева Ф.Н. сабактын оң жактарын белгилешти. Атап айтканда, практиканттын жакшы даярдыгы, сабактын логикалуу түзүлүшү жана окуучулардын М. Ю. Лермонтовдун «Үч пальма» ырынын тексти менен иштөөгө активдүү катышуусу жогору бааланды.

Сунуш катары сабакта талкууну уюштурууга көбүрөөк көңүл буруу, окуучулардын көркөм текстти өз алдынча талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүү жана адабиятка кызыгууну арттыруу үчүн окутуунун ар түрдүү ыкмаларын колдонуу сунушталды.