Филология институтунун студенттери үчүн Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштурулган интеллектуалдык оюн
2026-жылдын 4-мартында Филология институтунун Жаштар комитети студенттер үчүн жакындап калган майрамга — 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата интеллектуалдык оюн уюштурду. Иш-чара жылуу, достук маанайда өтүп, студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, эрудициясын жана командалык иштешүүсүн өнүктүрүүгө багытталды.
Орус филологиясы кафедрасынан оюнга 1-курстун студенттери «Винкс» командасы менен катышты. Катышуучулар активдүүлүгүн, тапкычтыгын жана командалык духун көрсөтүп, өз кафедрасын татыктуу тааныта алышты. Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгы боюнча команда активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды.
Өзгөчө логикалык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, жогорку деңгээлдеги билимдүүлүгүн көрсөткөн студент Исматова Нускайым айырмаланды. Калыстар тобунун чечими менен ал «Мыкты оюнчу» дипломуна татыктуу болду.
Мындай иш-чараларды өткөрүү студенттердин интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга, командалык биримдикти чыңдоого жана студенттик чөйрөдө майрамдык маанай түзүүгө өбөлгө түзөт.