Адаптациялык-педагогикалык практика — болочок мугалимдин кесиптик калыптануусунун биринчи этабы катары
2026-жылдын 4-мартында Филология институтунун Орус филологиясы кафедрасында ОТс-1-23 жана ОТс-2-23 топторунун студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүндө шаардык жана райондук жалпы билим берүүчү мектептердин базасында уюштурулган адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыктары чыгарылды. Студентер окуу-тарбия процессине байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын, сабактардын жана класстан тышкаркы иш-чаралардын анализин, ошондой эле өздөрүнүн кесиптик тыянактарын камтыган мазмундуу отчетторун сунушташты.
Чыгып сүйлөгөндөр практика кесиптик компетенциялардын калыптанышына, аналитикалык көндүмдөрдүн жана педагогикалык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө, ошондой эле болочок кесиптик ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрүн тереңирээк аңдап билүүгө өбөлгө түзгөнүн белгилешти.
Отчеттук документациянын жогорку деңгээлде даярдалганы өзгөчө баса белгиленди: материалдар сабаттуу, түзүмдүү, белгиленген талаптарга толук ылайык жол-жоболоштурулуп, өз убагында тапшырылган.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча практика ийгиликтүү аяктады деп таанылды. Конференция студенттердин кесиптик калыптануусунун маанилүү этабы болуп, топтолгон практикалык тажрыйбаны жалпылоого жана системалаштырууга мүмкүндүк берди.