1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

55

Эл аралык кызматташтык иш жүзүндө: «Орус тили жана адабияты» багытынын студенттери үчүн онлайн-лекциялар

2025–2026-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгынан тартып Коркыт-Ата атындагы Кызылорда мамлекеттик университети (Казакстан Республикасы) менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында уюштурулган окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү улантылууда.

Программанын алкагында Коркыт-Ата атындагы Кызылорда мамлекеттик университетинин «Орус тили жана адабияты» билим берүү программасынын доценти Майгельдиева Жанат Мусабаевна РЯЛ-1-25 тайпасынын биринчи курс студенттери үчүн «Адабият таанууга киришүү» дисциплинасы боюнча онлайн-лекциялар өткөрүүдө.

Сабактар заманбап интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу менен өтүп, студенттердин окуу процессине активдүү катышуусуна, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле орус адабиятын изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзөт.

Академиялык мобилдүүлүк программасы студенттердин билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип гана тим болбостон, эл аралык академиялык байланыштарды чыңдап, Кыргызстан менен Казакстандын университеттеринин ортосунда биргелешкен долбоорлорду жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.