1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

Филология институтунун Орус филологиясы кафедрасы — окутуу процессинин сапатын жогорулатууда лидер

24.12.2025-ж. №540 буйругуна, 11.09.2025-ж. №374 буйругуна жана Академиялык саясат департаментинин №31-тескемесине ылайык, ошондой эле сентябрдан 19-декабрга чейин бардык институттарда жана колледждерде сабактарды өтүүнүн сапатын баалоо жана жакшыртуу боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, Филология институтунун Орус филологиясы кафедрасы «окутуу процесстин жогорку деңгээли», окутуучуларга системалуу методикалык колдоо, коллективдин биримдиги жана студенттердин билимин жана кесиптик компетенцияларын жогорулатууга салым кошкону үчүн белгиленди.

Баалоо натыйжалары боюнча кафедра «даңктуу I орунга» ээ болду, структуралык бөлүмдөр татыктуу сыйлыктарга ээ болуп, коллектив 25 000 сом өлчөмүндө атайын каражаттардан акчалай сыйлыкка  татыктуу болду.

Бул сыйлык окутуучулардын кесиптик деңгээлине гана эмес, ошондой эле инновациялык билим берүү ыкмаларына умтулуусуна, студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана билимдин сапатын туруктуу жогорулатууга болгон аракетине таандыктык белгиледи.

Филология институтунун Орус филологиясы кафедрасы мындан ары ийгиликтерди, жаңы илимий-окуу жетишкендиктерин жана үзгүлтүксүз кесиптик өсүүгө тилектешбиз.