1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

Жылдын жаркын жыйынтыгы: филология институтунда Жаңы жылдык концерт

2025-жылдын 26-декабрында филология институтунда Жаңы жылга арналган майрамдык концерттик программа болуп өттү. Иш-чара жаштар комитети тарабынан тарбия иштери боюнча жардамчы Маматкулов Нурбектин активдүү катышуусунда уюштурулуп, чыныгы майрамдык, жылуу маанайда өттү.

Концерттик программанын салтанаттуу ачылышын РЯЛ-1-25 тайпасынын биринчи курсунун студент кыздарынын жаркын бийи кооздоп, иш-чаранын жүрүшүнө өзгөчө шаң берип, алгачкы мүнөттөрдөн тартып майрамдык маанай жаратты.

Программада кызыктуу оюндар, музыкалык номерлер, ырлар жана шаңдуу бийлер орун алып, катышуучуларга жана конокторго көптөгөн жагымдуу эмоцияларды тартуулады. Бул концерт студенттер үчүн өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле студенттик жамаатта достукту жана биримдикти бекемдөөгө мыкты мүмкүнчүлүк болду.

Иш-чаранын ардактуу коноктору катары филология институтунун директору Асылбекова Ч.А. жана институттун профессордук-окутуучулук курамы катышты. Куттуктоо сөзүндө директор бардык катышуучуларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, окууда жана кесиптик ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалап, мындай иш-чаралар жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.

Жаңы жылдык концерттик программа өтүп жаткан жылдын жаркын жыйынтыгы болуп, бардык катышуучуларда жагымдуу жана унутулгус таасир калтырды.