1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

33

Орус филологиясы кафедрасынын окутуучулары — «Ден соолук» төш белгисинин ээлери

Орус филологиясы кафедрасынын окутуучулары калктын ден соолугун чыңдоого, массалык спортту өнүктүрүүгө жана физикалык даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталган программанын алкагында белгиленген нормативдерди ийгиликтүү тапшыргандыгы үчүн «Ден соолук» төш белгиси жана тиешелүү күбөлүктөр менен сыйланышты.

Нормативдерди тапшыруунун жыйынтыгында улук окутуучу Алимаматова Динара алтын төш белгиге, ал эми лаборант Бакбурканова Аэлита күмүш төш белгиге татыктуу болду.

Бул жетишкендик жогорку физикалык маданиятты, сергек жашоо образын карманууну айгинелеп, студенттер үчүн үлгү болуп саналат.