1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

33

«Айтматовдун дүйнөсүндө» сүрөт сынагынын жыйынтыктары

2025-жылдын 15-декабрында филология институтунун орус филологиясы кафедрасында «Айтматовдун дүйнөсүндө» аттуу чыгармачыл сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Студенттер Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын образдарын, идеяларын жана атмосферасын терең түшүнүү менен, өзгөчө көркөм чеберчилик аркылуу чагылдырган таасирдүү эмгектерди сунушташты. Ар бир сүрөт өзүнүн индивидуалдуу стили, деталдарга кылдат мамилеси жана улуу жазуучунун адабий мурасына болгон аяр мамилеси менен айырмаланды.

      Сынактык иштерди баалоо үчүн эксперт катары жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нарматов Н. К. жана экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Э. Н. чакырылды. Эксперттер сунушталган иштердин аткаруу деңгээлин, эмоционалдык байлыгын жана көркөм тереңдигин жогору баалашты.

      Иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен орус филологиясы кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жусупова А.А. кайрылып, мындай чыгармачыл сынактардын билим берүү процессиндеги маанисин белгиледи. Ал бул сыяктуу демилгелер студенттердин көркөм ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, маданий дүйнө таанымын кеңейтип, эстетикалык табитин калыптандырып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасына болгон кызыгууну арттыраарын белгиледи.

       Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземин филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Асылбекова Ч.А. өткөрүп, студенттерге дипломдорду тапшырып, активдүүлүгү, креативдүүлүгү жана адабият менен искусствого болгон чыныгы кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз сөзүндө директор Айтматовдун чыгармаларын сүрөт өнөрү аркылуу чагылдыруу руханий баалуулуктарды жана улуттук маданиятты сактоодо жана жайылтууда маанилүү кадам экенин белгиледи.

       Сынактын жыйынтыгында эң активдүү жана өзгөчө кызыгуу көрсөткөн катышуучулар дипломдор менен сыйланышты. Уюштуруучулар бардык студенттерге чыгармачыл мамилеси, демилгелүүлүгү жана Айтматовдун бай жана көп кырдуу дүйнөсүн көркөм түрдө жеткирүүгө болгон умтулуусу үчүн ыраазычылык билдиришти.

       Бул иш-чара студенттик чыгармачылыкты колдоого, эстетикалык табитти өнүктүрүүгө жана жаштарды улуттук адабиятка жана искусствого болгон кызыгуусун чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү маданий окуя болду.