1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

26

Эл аралык илимий конференциянын алкагында лингвомаданият жана билингвизмдин заманбап тенденцияларын талкуулоо

2025-жылдын 12–13-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жана Патрис Лумумба атындагы Россия элдеринин достугу университети тарабынан уюштурулган «Транслингвалдык лингвомаданият таануу: теориялык багыттар жана орус тилин эне тил эмес катары окутуунун практикасы» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ишине Москва, Санкт-Петербург, Кубань, Уральск, Якутск шаарларынан, ошондой эле Казакстан Республикасынан келген филолог-окумуштуулар катышты. Иш-чаранын программасы эки негизги багыт боюнча түзүлдү: «Орус тилин эне  тил эмес катары окутуунун теориясында жана практикасында лингвомаданият таануу» жана «Лингвомаданият таануунун жана орус тилин эне тил эмес катары окутуунун актуалдуу маселелери».

Секциялык жыйындардын жүрүшүндө заманбап тилдик дискурстун көйгөйлөрү, лингвомаданият таануунун жана билингвизмдин өнүгүүсүнүн актуалдуу тенденциялары, ошондой эле орус тилин эне тил эмес катары окутуунун методикасына байланыштуу маселелер кеңири каралып, активдүү талкууланды. «Лингвомаданият таануунун жана орус тилин эне тил эмес катары окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу секцияда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун «Орус филологиясы» кафедрасынын доценти Айылчиева Д. Т. «Жалал-Абад облусунда орус тили менен маданиятынын колдонулушу: тажрыйба, жыйынтыктар жана келечек» деген темада баяндама жасады.

Конференция жогорку илимий-теориялык деңгээлде өтүп, катышуучуларга олуттуу көлөмдөгү илимий-таанып-билүүчү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түздү жана практикалык колдонууга багытталган бир катар жаңылыктарды сунуштады.