1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

«Орус тили жана адабияты» профилинин студенттери «Сырдашуу» спектаклине барышты

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун ээлеп, терең моралдык-этикалык баалуулуктарды, кыргыз элинин тарыхын жана жалпы адамзаттык чындыкты чагылдырат. Анын чыгармаларынын театрдык интерпретациясы студенттерге көркөм дүйнөгө жандуу түрдө сүңгүп кирүүгө, маданий дүйнө көрүнүшүн кеңейтүүгө, кесиптик көркөм табитин өркүндөтүүгө жана адабий образдарды жаңы форматта эмоционалдык жактан кабыл алууга өбөлгө түзөт.

11-декабрда Филология институтунун «Орус тили жана адабияты» профилинин студенттери Барпы атындагы драмтеатрда коюлган «Сырдашуу» спектаклин көрүштү. Спектакль Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде даярдалып, Ата-бабаларды эскерүү жана тарых күнү, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы, ошондой эле улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналды.

Спектаклдин режиссёру — КРнын эмгек сиңирген артисткасы Шайырбүбү Мамбетовa. Художник — Жанаргүл Өмүрзакова. Ролдордо: Толгонай — Жанылай Темиркул кызы, Жер эне — Уулкан Галдыбай кызы, Алиман — Алина Курманбек кызы.

Бул спектаклге баруу студенттер үчүн эстетикалык кабылдоону калыптандырууга, улуттук адабиятка болгон кызыгууну өнүктүрүүгө жана жаштардын руханий-адептик баалуулуктарын бекемдөөгө багытталган маанилүү маданий-тарбиялык иш-чара болду.