1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Академиялык дресс-код темасы боюнча куратордук сааттын өткөрүлүшү

Орус филологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Алимаматова Д.А. РЯЛк-2-24 тайпасынын студенттери менен куратордук саат өткөрүп, анын алкагында ЖОЖдогу академиялык дресс-кодду сактоо маселеси каралды.

Жолугушуу учурунда куратор студенттин сырткы көрүнүшүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү жүрүм-турум маданиятынын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, ишкер жана тыкан кийинүү окуу процесине болгон урмат-сыйды калыптандырып, студенттик жамаатта жагымдуу атмосфера түзүүгө көмөктөшөт.

Спорттук кийим менен сабакка келген бир нече студент кыздардын мисалында мындай көрүнүш академиялык нормаларга жана университеттин талаптарына шайкеш келбей турганы көрсөтүлдү. Окутуучу спорттук форма дене тарбия сабактарына ылайыктуу экенин, бирок лекция жана практикалык сабактарга катышууда ишкер стилдеги кийим тандашы керектигин түшүндүрдү.

Куратордук саат конструктивдүү жана жылуу маанайда өттү. Студенттер кызыктырган суроолорун беришип, академиялык дресс-код эрежелерин сактоого даяр экендиктерин билдиришти.