1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар: Д. Т. Айылчиеванын П. Лумумба атындагы Россия элдер достугу университетиндеги стажировкасынын жыйынтыктары

2025-жылдын 3–7-декабрында Филология институтунун орус филологисы кафедрасынын доценти Айылчиева Д. Т. Москва шаарындагы П. Лумумба атындагы Россия Элдер Достугу университетинде өткөрүлгөн стажировканы ийгиликтүү аяктады. Бул стажировка орус тилинде окуткан билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери үчүн уюштурулду. Стажировкага Кыргызстан, Тажикстан жана Армения мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери катышты. РУДНдин Орус тили институтунда өткөн бул стажировка тажрыйба алмашууга жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк берген мыкты аянтча болуп, катышуучуларда абдан жагымдуу таасир калтырды.

Программа мыкты түзүлүп, теориялык модулдар менен мастер-класстардын айкалышын камтыды. Университеттин эксперттери башкаруунун актуалдуу методикалары, заманбап билим берүү технологиялары менен бөлүшүп, ошондой эле окуу жана тарбия процессин уюштуруунун эффективдүү моделдерин көрсөтүштү.

РУДН лекторлорунун жогорку кесипкөйлүгүн, программанын мазмунунун сапаттуулугу жана достук атмосферасын өзгөчө белгилеп кетким келет. Университетинин алдыңкы филолог-окумуштуулары төмөнкү темаларда лекция окуду: “Заманбап мезгилдик басылмалардын илимий саясаты: орус тилин чет тили катары окутуу” (профессор Стрельчук Е.Н.), “Социалдык тармактардагы жетекчинин жана окутуучунун жеке бренди” (доцент Иванова Н.А.), “Маданияттар диалогу көркөм текстте: полиэтникалык шартта адабият окутуунун методикасы” (профессор Овчаренко А.Ю.), “Билим берүүдөгү заманбап тренддер: билим берүүдөгү санарип трансформациясы” (доцент Апакина Л.В.), “Мугалимдин эмоционалдык чарчоосу: себептери, динамикасы, алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү” (профессор Слободчиков И.М.), “Жаштардын системалуу сабаттуулугун өнүктүрүү” (профессор Синячкин В.П.), “Заманбап лингводидактикадагы виртуалдык дүйнөлөр технологиялары” (педагогика илимдеринин кандидаты Жильцов В.А.), “Билим берүүнү уюштуруу: тарбиялык иштин өсүү чекиттери” (доцент Кротова Т.А.). Доцент Куновски М.Н. тарабынан “Чет өлкөдө орус тилин окутуу: шыктандыруу же мотивациялоо?” темасында мастер-класс жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Стажировка катышуучулары үчүн РУДН боюнча обзордук экскурсия жана “Заманбап мектеп: уюштуруучулук жана технологиялык инновациялар” аттуу сыртта өткөрүлгөн иш-чара уюштурулду. Айрыкча Москва шаарынын № 2094 мектебине жасалган экскурсия чоң таасир калтырды. Анда кошумча билим берүү боюнча кружоктордун жана секциялардын иши көрсөтүлдү: робототехника, кулинария, кийим тигүү жана дизайны, медайымдык мектеп жана башкалар.

Стажировкадан алынган билим жана тажрыйба билим берүү мекемелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө, окутуу жана тарбия иштеринин сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошот. Бул стажировка профессионалдык компетенцияларды бекемдөөгө жана эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү кадам болду.