1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

РЯЛ-1-25 тайпасынын студенттери «Айтматов философиясы жана адамзаттын баалуулуктары» аттуу илимий викторинага катышышты

2025-жылдын 5-декабрында РЯЛ-1-25 тайпасынын студенттери — Абдимаматова Оксана, Аширбекова Апал, Байбачаева Арууке, Исматова Нускайым, Мендибаева Элина — улуу жазуучу Ч.Т. Айтматовдун чыгармаларына арналган «Айтматов философиясы жана адамзаттын баалуулуктары» аттуу илимий викторинага жигердүү катышышты.

«Орус тили жана адабияты» багыты боюнча «Ак-Кеме» деп аталган беш катышуучудан турган команда түзүлдү. Студенттер жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, Айтматовдун чыгармаларын терең билгендигин, автордун философиялык ойлорун талдай билүү жөндөмүн жана аларды жалпы адамзаттык баалуулуктар менен байланыштыруудагы чеберчилигин айкындашты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча биздин студент кыздар жигердүү катышканы жана команданы татыктуу деңгээлде тааныткандыгы үчүн ыраазычылык  барагы менен сыйланышты. Алардын эмгеги жана демилгеси калыстар тобу тарабынан жогору бааланды.

Викторинанын уюштуруучулары — немис жана факультет аралык чет тилдер кафедрасынын окутуучулары Толубаева Мөлмөл жана Ураимова Нуриза — иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүшүп, катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүштү, кызыктуу тапшырмаларды даярдашты жана соңунда мыкты көрсөткүчтөргө жеткен командаларга грамоталарды тапшырышты.

Викторинага катышуу студенттер үчүн маанилүү тажрыйба болуп, критикалык ойлом жөндөмүнүн өнүгүшүнө, адабий дүйнө таанымдын кеңейишине жана кыргыз жазуучусунун маданий мурастарына кызыгуусунун күчөшүнө өбөлгө түздү.

Айтматовдун 97-жылдык мааракесине арналган илимий викторинага жигердүү катышып, жогорку натыйжа көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.