1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Академиялык дресс-код боюнча куратордук саат

2025-жылдын 3-декабрында орус филологиясы кафедрасынын ага окутуучуусу

Жамашева Н.С.  РЯЛ-1-23 тайпасында куратордук саат өткөрдү. Жолугушуунун темасы студенттердин сырткы келбет маданияты жана ЖОЖдогу дресс-кодду сактоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө куратор студенттердин ЖОЖдогу сырткы келбетине коюлган талаптарды кеңири түшүндүрдү. Теманы визуалдык жактан түшүндүрүү максатында заманбап жыртылган джинсы, өтө жаркыраган же ачык кийим жана академиялык стандарттарга туура келбеген башка кийим элементтеринин мисалдары көрсөтүлгөн презентациялар даярдалды.

Студенттерге тыкан жана жөнөкөй кийим стили окуу процессинин ажырагыс бөлүгү экендиги, окууга урмат-сый сезимин калыптандырууга жана келечектеги адистин кесиптик имиджин түзүүгө өбөлгө түзөрү түшүндүрүлдү. Өзгөчө көңүл күнүмдүк кийүү үчүн сунушталган классикалык стиль элементтерине бөлүндү.

Нуриля Султанбековна дресс-кодду сактоо дисциплинаны чыңдоого, туура жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга жана ЖОЖдогу жагымдуу атмосфераны түзүүгө жардам берээрин баса белгиледи. Студенттер талкууга активдүү катышып, суроолорун беришти жана сунушталган нормаларды сактоого даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү академиялык стилди сактоонун маанисин жалпы түшүнүү пайда болду.