1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

ЖОЖдогу сырткы келбет эрежелери боюнча куратордук саат

Академиялык маданиятты сактоо, студенттердин ишкердик имиджин калыптандыруу жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында жогорку окуу жайында дресс-код талаптарын сактоо сунушталат. Ишкердик (классикалык) кийим стили окуу процессине болгон урмат-сыйды көрсөтөт жана студенттерде жоопкерчиликти, өзүн-өзү уюштурууну жана кесиптик этиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Классикалык стиль тактыкты, тартиптүүлүктү жана ылайыктуулукту камтыйт. Студенттер үчүн бул — классикалык шым же юбка, көйнөк, блузка, жакет, токулган көйнөк сыяктуу солгун түстөгү кийимдерди тандап кийүүнү билдирет. Ал эми спорттук, өтө ачык, жаркыраган же академиялык чөйрөгө ылайык келбеген кийимдерден оолак болуу сунушталат.

Окутуу-тарбиялоо ишинин алкагында орус филологиясы кафедрасында дресс-коддун маанисин түшүндүрүүгө жана сырткы келбет маданиятын калыптандырууга багытталган куратордук сааттар, ошондой эле студенттер менен жеке жана топтук маектер жүргүзүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө кафедра башчысы Жусупова А.А. жана РЯЛ-1-22 тайпасынын куратору, ф.и.к., доцент Алымкулов А.А. студенттер менен ишкердик стилдин окуу процессиндеги маанисин жана келечектеги адистин кесиптик образына тийгизген таасирин талкуулашты.

Кафедранын окутуучулар жамааты дресс-коддун талаптарын сактоо окуу жайынын позитивдүү имиджин түзүүгө, тартипти чыңдоого жана билим берүү чөйрөсүндө сый-урматка негизделген жагымдуу атмосфераны камсыздоого көмөк көрсөтөрүнө ишеним билдирет.