1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Орус филологиясы кафедрасынын директордун катышуусу менен өткөн жыйыны

Бүгүн, 2025-жылдын 2-декабрында, филология институтунун директору, ф.и.к.ф., доцент Асылбекова Ч.А. кафедранын жыйынына катышты. Ал студенттердин сабактарга үзгүлтүксүз катышуусун системалуу контролдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Студенттердин дайыма катышуусу модулдук көзөмөлгө жана башка түрдөгү баалоолорго уруксат берүүнүн негизги критерийлеринин бири болуп эсептелерин жана билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатына түздөн-түз таасир этерин айтып өттү.

Директор окутуучуларды сабак өтүү процессинде көрнөк-жарнак материалдарды, санариптик ресурстарды жана методикалык каражаттарды активдүү колдонууга чакырды. Бул ыкма студенттердин материалды кабылдоосун жакшырып, окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле учурда администрация тарабынан студенттердин сабакка катышуусу жана окуу тартиби боюнча текшерүү жүрүп жатканы маалымдалды. Ушуга байланыштуу окутуучуларга катышуу журналдарын өз убагында толтуруу, студенттердин окуу активдүүлүгүн күчөтүлгөн түрдө мониторинг кылуу жана алардын жетишкендиктерин так эсепке алуу сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында студенттердин сабакка катышуусун камсыз кылуу жана сапаттуу окуу процессин уюштуруу — профессордук-окутуучулук курамдын жалпы жоопкерчилиги экени жана бул талаптарды сактоо институттун билим берүү деңгээлин жогору кармоодо маанилүү шарт болуп саналары белгиленди.