1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

«Орус тили жана адабияты» профили боюнча окуган студенттердин кесиптик-профилдик практикасындагы жыйынтыктоочу конференция

2025-жылдын 28-ноябрында 550300 багытынын «Орус тили жана адабияты» профили боюнча билим алган РЯЛ-1-22 тайпасында кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Бул иш-чара студенттердин практикалык даярдыгынын акыркы этабы болуп, аткарылган иштерди жыйынтыктоого, тажрыйба алмашууга жана ар бир студенттин практикалык тапшырмаларынын жыйынтыктарын жалпылоого мүмкүнчүлүк берди.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштери тууралуу кеңири отчётторду сунуштап, негизги жетишкендиктерин, кыйынчылыктарын айтып беришти жана практика маалында түзүлгөн окуу-методикалык материалдарын көрсөтүштү. Айрыкча көңүл кесиптик компетенциялардын калыптанышы, теориялык билимди реалдуу педагогикалык шартта колдонуу, окуу процессин талдоо жөндөмдөрүнүн өнүгүүсүнө бурулду.

Конференциянын ишине практиканы уюштуруу жана карьера өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору Жолдошалиева Нурия Султановна катышып, студенттердин ишмердүүлүгүнө терең мазмундуу баасын берип, алардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, сунушталган материалдардын сапатын жана практиканын келечектеги кесиптик калыптанууга кошкон зор салымын белгиледи.

Бул конференцияга филология институтунун директору да катышып, болочок адистерди даярдоодо кесиптик-профилдик практиканын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз сөзүндө ал студенттердин кесиптик компетенцияларын, өз алдынчалуулугун, педагогикалык процессти талдоо жөндөмүн жана теориялык билимди практикалык ишмердикте колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнүн зарылдыгын айтты. Институт директорунун катышуусу иш-чаранын маңызын арттырып, студенттерге өздөрүнүн келечектеги кесиптик жолунда чоң дем-күч болду.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар практика келечектеги адистерди даярдоонун эң маанилүү бөлүгү экенин, ал студенттердин кесиптик өз алдынчалуулугун, педагогикалык чеберчилигин жана практикалык тажрыйбасын калыптандырууда чоң роль ойной турганын баса белгилешти.