1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

11

РЯЛ-1-23 тайпасынын студенттерине иш ордунда окутууну уюштуруу (Манас шаары, №4 орто мектеп)

21-ноябрда к.ф.н., доцент Калмурзаева А.А. Манас шаарынын №4 орто мектебинин базасында РЯЛ-1-23 тайпасынын студенттери үчүн иш ордунда окутуу сабагын өткөрдү.

«Морфология» дисциплинасы боюнча «Сан атооч. Сан атоочтордун разряддары» темасында сабак уюштурулуп, окутуучу теориялык материалды практикалык негизде өздөштүрүүгө шарт түздү. Сабактын жүрүшүндө студенттер сан атоочтордун разряддарын, алардын грамматикалык өзгөчөлүктөрүн жана семантикалык айырмачылыктарын карап чыгышты.

Окутуучу заманбап орус тилинен алынган мисалдарды талдоо аркылуу эсептик, тартиптик, жыйнак жана бөлчөк сан атоочтордун колдонулушунун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, сан атоочторду туура пайдалануунун ар кандай сүйлөө кырдаалдарындагы маанилүүлүгүн баса белгиледи. Студенттер билимди бекемдөөгө, морфологиялык талдоо көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана сабаттуулукту жогорулатууга багытталган практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Өткөрүлгөн иш-чара студенттердин морфологиялык категориялар боюнча түшүнүктөрүн тереңдетип, алардын кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.