1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

9

Манас шаарынын 4-орто мектебинде жумуш ордунда окутууну уюштуруу

Орус тили жана адабияты багытындагы студенттер үчүн жумуш ордундагы окутуу - бул теориялык билимдерди практикалык иш менен айкалыштыруу, кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу жана окутуунун методикасын чыныгы билим берүү чөйрөсүндө өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берген маанилүү процесс. Мындай окутуу студенттерди мектептеги иштин талаптары, окуучулар менен иштөө өзгөчөлүктөрү жана зарыл болгон документтер менен тааныштырууга шарт түзүп, алардын кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтөт.

21-ноябрда ф.и.к., доцент Жусупова А.А. Манас шаарынын №4 орто мектебинин базасында РЯЛ-1-23 тайпасынын студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу сабагын өткөрдү. «Дүйнөлүк адабият» дисциплинасы боюнча «Ч. Диккенс — англиялык реализимдин өкүлү» аттуу темада сабак өтүп, жазуучунун чыгармачылыгынын көркөм өзгөчөлүктөрүнө жана анын социалдык-маданий контекстине өзгөчө көңүл бурду. Сабактын жүрүшүндө окутуучу Ч. Диккенстин чыгармачылык усулунун өзгөчөлүктөрүн, ошол доордун тарыхый-маданий абалын жана анын чыгармаларында чагылдырылган социалдык маселелерди кеңири түшүндүрүп берди.

Студенттер англиялык реализимдин өнүгүшүндөгү негизги багыттар менен таанышып, автордун көркөм ыкмаларын талдашты. Алардын ичинде ачык мүнөздөрдү түзүү, сатира жана психологиялык детализация сыяктуу өзгөчөлүктөр бар экендиги белгиленди. Ошондой эле Диккенстин гуманисттик идеялары, адеп-ахлактык баалуулуктары жана социалдык сынчылдыгы — анын чыгармачылыгынын өзөгүн түзөөрү жана дүйнөлүк адабиятка тийгизген таасири баса белгиленди.

Сабактын алкагында студенттер аналитикалык тапшырмаларды аткарышып, тексттер менен иштешип, жазуучунун чыгармаларындагы темалык жана образдык өзгөчөлүктөрдү аныкташты. Талкуу активдүү формада өтүп, студенттерге Диккенстин көркөм дүйнөсүн тереңирээк түшүнүүгө жана социалдык роман жанрынын реформатору катары анын ролун баалоого мүмкүнчүлүк берди.

Өткөрүлгөн сабак студенттердин адабий дүйнө таанымын кеңейтип, көркөм текстти талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрдү жана Ч.Диккенстин XIX кылымдагы дүйнөлүк адабияттагы ордун тереңирээк түшүнүүгө шарт түздү.

Сабактын жүрүшүндө интерактивдүү окутуу ыкмалары колдонулуп, студенттер өз алдынча даярдаган презентацияларын көрсөтүштү. Бул алардын окуу процесси менен кызыгуусун арттырып, аналитикалык жана өз алдынча ийгиликтүү иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.