1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

8

Филилог студенттерге иш ордунда окутууну уюштуруу: практикалык сабактарды өткөрүү тажрыйбасы

20-ноябрь ф.и.к., доц., доцент Айылчиева Манас шаарынын  орто мектебинин базасында РЯЛ-1-23 тайпасы үчүн жумуш ордунда окутуу өткөргөн. "Көркөм адабияттагы экологиялык көйгөйлөр" дисциплинасы боюнча "Адамдын жаратылышты сактоо жоопкерчилигинин көйгөйү" (Р.Брэдберинин "Жай бою бир күндө" жана "Күн күркүрөдү" аңгемелери боюнча) практикалык сабак уюштурулду. Сабактын жүрүшүндө студенттер көркөм текст аркылуу экологиялык көйгөйлөрдү гана эмес, ХХ кылымдын көркөм адабиятындагы экологиялык коркунучтардын чагылышын да талдап чыгышты.

Окутуучу тарабынан аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, көркөм образдарды чечмелей билүүгө жана көркөм чыгармалар менен заманбап экологиялык чакырыктардын ортосунда байланыш түзүүгө багытталган тапшырмалар сунушталды. Студенттер талкууга активдүү катышып, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана экосистемага адамдардын кийлигишүүсүнүн кесепеттери боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Практикалык сабактар окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзүп, адамзаттын глобалдык проблемаларын концептуалдаштырууда көркөм адабияттын мааниси жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтти.