1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

4

"Орус тили жана адабияты" профилиндеги практиканттардын зачеттук сабактары

19-ноябрь 2025-жылы филологиялык институттун студенттери Жанибекова Периште, Авазбек кызы Альфина 7 "б" жана 8 "а" класстарында орус тили жана адабияты боюнча ачык сабактарды өткөрүштү. Бул сабактарда бардык коюлган максаттар аткарылды. Окуучулар талкууга активдүү катышып, тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты. Интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу өзгөчө натыйжалуу болду. Ошондой эле жекече мамиле уюштурулуп, ар бир окуучуга иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалпысынан сабактар жакшы методикалык деңгээлде өттү жана катышып жаткан кесиптештерден оң пикирлерди алышты.