1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

7

С.А.Есениндин 130 жылдыгына арналган сабактан тышкаркы иш-чара – окуучулардын адабий маданиятын өнүктүрүүнүн формасы

Манас шаарынын № 4 орто мектебинде өткөн кесиптик-профилдик практика алкагында студент-практиканттар — Маматалиева А., Максатбекова А., Каныбек кызы Гулиза, Кочконбаева М. жана Кубанычбекова А. — 2025-жылдын 21-ноябрында С. А. Есениндин туулгандыгынын 130 жылдыгына арналган сабактан тышкаркы иш-чараны уюштуруп, өткөрүштү. Тандалган теманын актуалдуулугу С. Есениндин поэзиясы бүгүнкү күнгө чейин окурманга жакын жана түшүнүктүү боло бергендиги менен шартталат: анын ырларында адамзат сезиминин терең катмарлары чагылдырылып, табият, маданий салттар жана руханий баалуулуктар менен адамдын байланышы ачылып көрсөтүлдү жана алар XXI кылымда да маанилүүлүгүн жоготпой келээрин белгилешти.

Иш-чарага 9-класстын төрт командасы катышты: «Голос берёз» («Кайыңдын үнү»), «Есенинский голос», (Есениндин үнү, )«Сердце поэта» («Акындын жүрөгү») жана «Берёза» ()Ак кайын). Программа алты мазмундуу этаптан турду: саламдашуу, көркөм окуу конкурсу, сүрөт көргөзмөсү, акындын ырларына жаралган романды аткаруу, адабий викторина жана интерактивдүү оюн. Мындай түзүм ар кыл чыгармачыл ишмердүүлүктү бириктирип, окуучулардын Есениндин адабий мурасына болгон кызыгуусун арттырды.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болуп 9 «В» классынын «Берёза» командасы табылды; экинчи орунду 9 «Б» классы, үчүнчү орунду 9 «А» классы ээледи. Бардык катышуучуларга грамота тапшырылып, алардын даярдыгынын жана активдүү катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө студенттердин кесиптик-профилдик практикасынын жетекчилери — Жусупова А.А. жана Айылчиева Д.Т. — методикалык колдоо көрсөтүштү. Жюринин курамына Калмурзаева А.А., Жусупова А.А., Айылчиева Д.Т., ошондой эле № 4 мектептин методисти Абдырова Ч.Д. кирип, бул адабий майрамдын жогорку кесиптик деңгээлде жана адилеттүү баалоо менен өтүшүнө шарт түздү.