1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

"Орус тили жана адабияты сабактарында оюн учурларын колдонуунун методикасы" темасында өткөрүлгөн тегерек стол

19-ноябрь күнү Сузак районундагы №71 Н.Алыкулов атындагы орто мектебинде улуу окутуучу Алимаматова Динара Авазовна «Орус тили жана адабияты сабактарында оюн элементтерин колдонуунун методикасы» деген темада тегерек стол өткөрдү.

Тегерек стол оюн технологияларын колдонуу боюнча практикалык тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун аянтчаны түздү. Оюндун элементтери ар дайым окуучулардын мотивациясын жогорулатууга жана татаал грамматикалык эрежелерди үйрөнүүнү кызыктырууга жардам берери белгиленди.

Көркөм адабий текстке терең жана  кенири таанышуга  шарт түзгөн ролдук жана театралдык оюндарды адабият сабагында колдонуу боюнча консультациялар жана баяндамалар өзгөчө баалуу болду.

Катышуучулар оюн технологиялары жөн эле көңүл ачуу эмес, окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүүнүн күчтүү куралы экенин белгилешти.