1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

А. С. Пушкиндин  чыгармачылыгын окутуунун заманбап ыкмалары боюнча илимий-методикалык семинар

Манас шаарындагы №4 орто мектепте Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунун орус филологиясы кафедрасынын доценти Айылчиева Д.Т. «А.С. Пушкиндин чыгармачылыгынын негизинде стандарттуу эмес сабактарды даярдоо жана өткөрүү методикасы» аттуу илимий-методикалык семинар өткөрдү. Иш-чаранын максаты – орус тили жана адабияты мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле классикалык мурасты азыркы учурда окутуунун жаңычыл ыкмаларын терең талдоо болгон.

Семинардын жүрүшүндө Пушкиндин чыгармачылыгынын бүгүнкү күндөгү жаңычыл мааниси өзгөчө белгиленди. Анын идеялары, каармандары, көркөм тили жана поэтикалык принциптери XXI кылымда да актуалдуулугун жоготпогону баса көрсөтүлдү..

Пушкин инсандын эркиндиги, адеп - ахлактык тандоосу, сүйүүсү, адамдык кадыр - баркы-түбөлүктүү темаларга кайрылып, азыркы окурманга жакын бойдон кала турган көркөм дүйнөнү жараткан. Пушкиндин каармандарынын психологизминин тереңдиги, адамдын мүнөзүнө жана социалдык мамилелерине байкоо жүргүзүүнүн тактыгы, анын чыгармаларын педагогикалык жана методикалык иштеп чыгуулар үчүн баа жеткис материал болуп эсептелет.

Пушкиндеги гуманизм – адамдын жеке баалуулугуна, анын укуктарына жана ички эркиндигине болгон терең урмат – бүгүнкү күндөгү адам өмүрүнүн баалуулуктары тууралуу түшүнүктөр менен шайкеш келет.

Семинарга мектептин орус тили жана адабияты мугалимдери: Нарматова А. Т., Байгазиева У.А., Абдырова Ч.Д., Шерматова С.З., Кадырова Д.З., Шергазиева А.А., Касымова Д.У., ошондой эле РЯЛ-1-22 тайпасынын студенттери: Маматалиева А., Максатбекова А., Кочконбаева М., Кубанычбекова А. катышты. Иш-чаранын катышуучулары өз ара тажрыйба алмашып, сабактын стандарттуу эмес формаларын практикада колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты жана мындан аркы методикалык кызматташуунун багыттарын белгилешти.

Семинар мектеп менен жогорку окуу жайынын ортосундагы кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошуп, педагогикалык ыкмаларды жаңылоого жана окуучулардын классикалык адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.