1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Орус тили жана адабияты сабагында көрсөтмө куралдардын түрлөрүн пайдалануу боюнча консультация

2025-жылдын 18-ноябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин орус филологиясы кафедрасынын окутуучусу Т.А. Сулейманова  4-курстун РЯЛ-1-22-тайпасынын студенти Койчубаева Үпөлгө методикалык жардам көрсөттү. Окутуучу орус тили жана адабияты сабактарында ар кандай көрсөтмө куралдарды колдонуу боюнча кеңештерин берди.

Заманбап мугалимдин карамагында көрсөтмөлүүлүктүн ар түрдүү каражаттары: иллюстрациялык-көркөм жана графикалык материалдар, кинофильмдер, аудио жазуулар, интерактивдүү доскалар, компьютерлер, проектор ж.б. бар. Бул каражаттардын ар бири визуалдык, угуу жана синтетикалык түрлөргө кирет.

Окутуучу сабакта көрсөтмөлөрдү туура колдонуу боюнча сунуштарын берди.