1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

37

Билим берүү программасын талкуулоо

2025-жылдын 11-ноябрында ЖАМУнун филология факультетинин орус филологиясы кафедрасында жаңыланган билим берүү программасы талкууланды. Иш-чарага орус филологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, иш берүүчүлөр, эксперттер, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Кафедра иш берүүчүлөр катары төмөнкү мектеп директорлорун чакырды:

Сулайманова А.А. – Сузак районунун Манас атындагы №90 орто мектептин директору;

Абдурахманова Г.Т. – «Аль-Фауз» жеке мектебинин директору;

Касымбекова Д.Т. – С.Давлетов атындагы №14 орто мектептин директору.

Эксперт катары Ш. Токтомаматов атындагы МНУнун социалдык иштер жана коомчулук менен байланыш боюнча проректору, профессор Жолдошбаев А.С. чакырылды.

Ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрүнөн Тойгонбаева Мунара жана Буранова Дильдора катышышты. Ошондой эле билим берүү программасын талкуулоого бүтүрүүчүлөр Топоева Сожида, Кошоева Айданек, Толонова Жаныл, Ажибаева Айкокул катышты.

Кафедра башчысы, филология илимдеринин кандидаты Жусупова А.А., ЖАГУга «Өзгөчө макам» ыйгарылгандан кийин пайда болгон учурдагы талаптарды эске алуу менен иштелип чыккан 550300 Филологиялык билим берүү, профили «Орус тили жана адабияты» багыты боюнча жаңы окуу планын сунуштады.

Жолугушуу учурунда билим берүү циклине киргизилген өзгөртүүлөр каралды. Кээ бир предметтер жаңы стандарттарга ылайык оптималдаштырылып, заманбап билим берүү чөйрөсүнүн талаптарына жооп берген жаңы курстар кошулду.

Айрыкча мугалимдердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул максатта окуу планга жаңы «Кесиптик ишмердүүлүктөгү нормативдик-укуктук актылар» аттуу дисциплина, ошондой эле «Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү» предмети киргизилди. «Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү» сабагы студенттердин коммуникациялык, лидерлик, командалык жана аналитикалык жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган. Бул көндүмдөр студенттердин кесиптик жана жеке өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү.

Иш берүүчүлөр жана эксперттер жаңы билим берүү программасы заманбап жогорку окуу жайларына коюлган бардык талаптарга жооп берерин жана учурдагы стандарттарга, кесиптик тармактын муктаждыктарына толук ылайык экенин белгилешти.