1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

39

Тарыхый эс тутум бизди манкутчулуктан сактайт

2025-жылдын  3-ноябрь күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун орус филология кафедрасынын доценти  Айылчиева Д.Т. жетекчилиги астында тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата "Тарыхый эстутум бизди манкуртизмден сактайт" деген темада куратордук саат өттү.

Иш-чарага филология институтунун директору Ч.А. Асылбекова, "Орус филологиясы" кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле ФМББ(И)-1-25, ЮК-3-25 жана РЯБЛ-1-23 тайпаларынын студенттери катышышты.

Программанын алкагында РЯЛ-1-25 тайпасынын студенттери "Кыргызстандын жаш кылымындагы көрүнүктүү инсандардын ролу жана орду" деген темада презентация жасап, анда Ормон Хандын, Алымбек датканын жана Байтик баатырдын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымын талкуулашты.

Мындан тышкары, катышуучулар тематикалык викторина даярдап, "Курманбек дастаны" жана Кыргыз эл бийин "Улуу көчү"аткарышты.