1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

87

Практика учурунда насаатчылык

ЖАМУнун орус филологиясы кафедрасынын доценти Калмурзаева А.А. 2025-жылдын 30-октябрында Манас шаарындагы Р. Санатбаев атындагы №9 орто жалпы билим берүү мектебинде орус тили боюнча диктантка даярдануу жана аны жазуу боюнча консультация өткөрдү.

Консультациянын максаты: Окуучулардын орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун жогорулатуу, текстти кунт коюп угуу жана аны туура жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

Максаттар (милдеттер):

  • Диктант жазуу боюнча негизги талаптарды түшүндүрүү.
  • Негизги орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерди кайталоо.
  • Окуучуларды татаал орфограммаларды жана тыныш белгилерин талдоого үйрөтүү.
  • Жазуу иштерди текшерүү жана өзүн-өзү текшерүү көндүмдөрүн калыптандыруу.

Күтүлгөн жыйынтыктар:

  • Окуучулар диктантты туура жазуу ыкмаларын өздөштүрүшөт.
  • Орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулук деңгээли жогорулайт.
  • Жазууда өзүн-өзү көзөмөлдөө көндүмдөрү калыптанат.