1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

91

Практика учурунда насаатчылык

2025-жылдын  30-октябрь күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун доценти  Айылчиева Д.Т. Манас шаарынын №4 - орто мектебинде кесиптик практикасын өтөп жаткан РЯЛ-1-22 тайпасынын студенттери:  А. Маматалиева, Каныбек кызы  Гулиза жана А. Максатбековага эпикалык жанр-аңгеме чыгармаларын талдоо маселелери боюнча кеп кеңеш берди. Консультациянын жүрүшүндө календардык-тематикалык пландар, сабак боюнча иштелмелер текшерилип, "Есенин жумалыгы"адабий иш-чарасынын сценарийи түзүлдү.

 Студент А. Максатбекова  7 -"В" классында  "Причастие" деген темада орус тили боюнча  сабак өткөрдү. Сабакка доцент Д.Т. Айылчиева, мектептин методисти Ч. Абдырова, орус тили жана адабияты мугалими А. Г. Нарматова, студенттер А. Маматалиева, М. Бакирова жана Каныбек кызы Гулиза катышышты.

Педагогикалык практика учурунда Д.Т. Айылчиева А. Маматалиевага насаатчылык жардамын көрсөтүп, ал теориялык билимдерди берүү, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана келечектеги мугалимге зарыл болгон инсандык сапаттарды калыптандыруу аркылуу кесиптик калыптанууга өбөлгө түздү.