1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

83

Манас шаары Р. Санатбаев атындагы №9 орто жалпы билим берүү мектебинде жумуш ордундагы окутуу

2025-жылдын 30-октябрында ф.и.к., доцент Калмурзаева А.А. Манас шаарындагы Р. Санатбаев атындагы №9 орто жалпы билим берүү мектебинде жумуш ордундагы окутуунун алкагында «Морфологиядагы татаал маселелер. Жөндөлбөгөн зат атоочтор» темасында семинар өткөрдү.

Семинарда төмөнкү маселелер талкууланды:

  • Орус тилиндеги жөндөлбөгөн зат атоочтор тууралуу түшүнүк.
  • «Жөндөлбөгөн зат атоочтор» темасын морфологияны үйрөнүүдөгү мааниси.
  • Жөндөлбөгөн зат атоочтордун негизги белгилери (жөндөм жана көптүк формалар боюнча өзгөрбөйт; бардык контексттерде бир формада колдонулат).
  • Жөндөлбөгөн зат атоочтордун топтору.
  • Жөндөлбөгөн зат атоочтордун роду.
  • Жөндөлбөгөн зататоочтордун сүйлөмдө колдонулуш өзгөчөлүктөрү.
  • Жөндөлбөгөн зататоочтордун родун аныктоодогу каталар жана сын атоочтор, этиштер менен колдонуу өзгөчөлүктөрү.
  • Жөндөлбөгөн зататоочтордун азыркы орус тилиндеги ролу.