1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

13

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы эненин образы» темасындагы илимий семинар

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын изилдөө алкагында 2026-жылдын 20-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде 550300 «Филологиялык билим берүү» багытынын «Орус тили жана адабияты» профилинин студенттери үчүн «Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы эненин образы» темасында илимий семинар болуп өттү.

Илимий семинарды филология илимдеринин кандидаты А.А. Алымкулов жана улук окутуучу Т.А. Сулейманова 3-курстун РЯЛ-1-24; РЯЛк-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты — жазуучунун чыгармаларындагы энелик образдын көркөм чагылдырылышын терең түшүнүү, энелик темасына байланышкан адеп-ахлактык, руханий жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды ачып берүү.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында эненин образы өзгөчө орунду ээлейт. Каармандарынын тагдыры аркылуу жазуучу аялзатынын чексиз энелик сүйүүсүн, жан аябастыгын, сабырдуулугун, акылмандыгын жана руханий күчүн көрсөтөт. Автордун чыгармаларында эне өмүрдүн, үй-бүлөлүк салттардын, улуттук эс тутумдун жана коомдун адеп-ахлактык негиздеринин сактоочусу катары сүрөттөлөт.

Семинардын жүрүшүндө «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын (баяндамачы: РЯЛ-1-24 тайпасынын студенти Рахманова Айтунук); «Ак кеме» повестиндеги Мүйүздүү Бугу эненин (баяндамачы: РЯЛк-2-24 тайпасынын студенти Улмакыязова Мадина); «Кылым карытар бир күн» романындагы Найман эненин (баяндамачы: РЯЛк-2-24 тайпасынын студенти Кабылова Сарвиноз); «Кыямат» романындагы Акбаранын (баяндамачы: РЯЛ-1-24 тайпасынын студенти Исмонжанова Мафтуна) образдарына, ошондой эле жазуучунун дүйнө таанымынын жана чыгармачылыгынын калыптанышына чоң таасир тийгизген апасы — Нагима Айтматованын инсандык бейнесине (баяндамачы: РЯЛ-1-24 тайпасынын студенти Заирбек кызы Айназик) өзгөчө көңүл бурулду.

Илимий семинардын модератору РЯЛ-1-24 тайпасынын студенти Аширбекова Мадина болду.

Семинардын катышуучулары энеликти көркөм сүрөттөөнүн өзгөчөлүктөрүн, образдардын символдук маанисин, автордук позицияны жана чыгармалардын гуманисттик багытын талкуулашты.

Иш-чара студенттердин адабият таануучулук ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, энеге, үй-бүлөлүк баалуулуктарга, тарыхый эс тутумга жана элдин руханий мурасына урмат-сый менен мамиле кылууну калыптандырууга өбөлгө түздү.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы эненин образы — адамзаттын сүйүүсүнүн, өмүрүнүн, боорукердигинин жана адеп-ахлактык күчүнүн символу экенин эске салып турат.