1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

8

«Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгы» темасындагы куратордук саат

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде 550300 Филологиялык билим берүү багытынын Орус тили жана адабияты профилинде окуган студенттер үчүн «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгы» темасында куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чараны тайпалардын кураторлору — филология илимдеринин кандидаты А.А. Алымкулов жана улук окутуучу Т.А. Сулейманова 3-курстун РЯЛ-1-24, РЯЛк-2-24 тайпаларынын студенттери менен биргеликте өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер КМШнын түзүлүү тарыхын, уюмдун өнүгүүсүнүн негизги этаптарын жана анын катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы достук, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоодогу ролун талкуулашты. Шериктештикке мүчө мамлекеттердин билим берүү, илим жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыгына, ошондой эле студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Куратордук саат ачык диалог форматында өттү.

Студенттер тематикалык баяндамаларды жана презентацияларды даярдашты:

1.Советтер Союзунун түзүлүшү  (Замирбек кызы Айназик);

2.Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 35 жыл (М. Исмонжанова);

3.Кыргызстан КМШ мейкиндигинде (М. Аширбекова).

Студент С. Кабылова викторина даярдады.

Студенттер евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстердин өнүгүү перспективалары тууралуу пикир алмашышты.

Мындай иш-чаралар жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, коңшу элдердин тарыхына жана маданиятына болгон урмат-сыйды тарбиялоого, ошондой эле студенттердин активдүү жарандык позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөт.