1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

6

Профессионалдык-профилдик практикага жөнөтүү. 

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Табигый -илимий билим берүү кафедрасында 7-октябрь күнү  Бс-1-22 тайпасын 6 жумалык профессионалдык-профилдик практикага жөнөтүүгө арналган конференция болуп өттү.

Иш-чарага кафедра башчысы, практика жетекчилери, окутуучулар жана тайпанын студенттери катышып, алдыдагы жооптуу кадамга ийгилик каалашты.

Конференциянын негизги багыттары:

  • Практиканын максаты: Студенттердин теориялык алган билимдерин өндүрүштүк шартта бекемдөө, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү жана келечектеги ишмердүүлүгүнө ар тараптан даярдоо.
  • Уюштуруу маселелери: Конференция учурунда студенттерге практиканын жүрүшү, коопсуздук эрежелери, эмгек тартиби жана күнүмдүк отчеттуулук боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
  • Талаптар жана милдеттер: Практика учурунда ар бир студент өзүн жоопкерчиликтүү, демилгелүү көрсөтүп, тандалган мекеме-ишканалардын ички тартип эрежелерин так сактоосу зарыл экендиги баса белгиленди.

Жетекчилер жана окутуучулар студенттерге ак жол каалап, алган билимдерин практикада татыктуу колдонуп, окуу жайдын атын бийик кармап келерине ишеним билдиришти. Өз кезегинде студенттер дагы жүктөлгөн жоопкерчиликти толук түшүнүп, берилген тапшырмаларды так аткарууга убада беришти.