1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

7

Айтматов ааламы: Калем менен курулган түбөлүк дүйнө.

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Тил жумалыгынын» алкагында Табигый-илимий билим берүү кафедрасы тарабынан залкар жазуучу, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата «Айтматов ааламы: Калем менен курулган түбөлүк дүйнө» аттуу адабий-чыгармачылык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеңири түшүнүк берүү, анын чыгармаларын окууга болгон кызыгуусун арттыруу, жаштардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү менен бирге мекенчилдикке, адамгерчиликке жана табиятты сүйүүгө тарбиялоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Айтматов ааламына саякат» аттуу көргөзмө уюштурулуп, анда жазуучунун балалык чагы, чыгармалары, каармандары, дүйнөлүк адабияттагы орду жана окурмандардын жүрөгүндө калган асыл ойлору камтылды.

Мындан тышкары, студенттер арасында «Айтматовго таазим» аттуу көркөм окуу сынагы жана «Бир кылымга тете өмүр, түбөлүккө тете чыгармачылык» аттуу эссе сынагы өткөрүлдү. Катышуучулар Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуп, жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу өз ойлорун эссе аркылуу чагылдырышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө, кыргыз бийи, кыргыз ырлары жана «Айтматовдун каармандары сүйлөгөндө…» аттуу сахналык көрүнүш тартууланды.

Иш-чаранын соңунда көркөм окуу жана эссе сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга дипломдор, ардак грамоталар жана эстелик белектер тапшырылды. Студенттердин чыгармачылык изденүүсү, көркөм сүйлөө чеберчилиги жана Айтматовдун дүйнөсүн түшүнүүгө болгон кызыгуусу өзгөчө белгиленди.

Көркөм окуу сынагы боюнча 1-орун Г-1-23 тайпасынын студентти Алимжанова Медина

2-орун Г-1-23 тайпасынынын студентти Абдумаликов Аббос

3-орун Б-1-24 тайпасынын студентти Жөкөнова Азима ээледи.

Ал эми Эссе сынагы боюнча 1- орун Б-1-24 тайпасынын студентти Табылды уулу Чубак

2-орун ФМББ(М)-1-26 тайпасынын студентти Усонова Фатима

3-орун ТИББ(Б)-1-25 тайпасынын студентти Анарбаева Назбийке ээледи.

«Айтматовдун чыгармаларын окуу — бир жазуучунун чыгармаларын окуу гана эмес. Бул — адамды түшүнүүгө, адамдык баалуулуктарды баалоого үйрөнүү» деген идея иш-чаранын негизги өзөгүн түздү.

Жыйынтыгында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы — муундан муунга өтүп, адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган түбөлүктүү мурас экендиги дагы бир ирет айгинеленди.