1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ - 2026»: ЖАМУнун ПРОФЕССОРЛОРУ КАЛЫСТЫК КЫЛЫП, ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТАРГА ЭЭ БОЛУШТУ

2026-жылдын 30-июнунда Жалал-Абад облусунда билим берүү тармагындагы эң абройлуу иш-чаралардын бири - «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун облустук этабынын салтанаттуу жабылышы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында катышуучулардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө жана алдыңкы мугалимдерге татыктуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул жоопкерчиликтүү сынактын адилеттүү жана жогорку деңгээлде өтүшүнө Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) профессордук-окутуучулар курамы чоң салым кошту. Университеттин тажрыйбалуу жана кесипкөй окутуучулары сынактын калыстар тобунун курамында иш алып барып, мугалимдердин өнөрүн, педагогикалык чеберчилигин жана заманбап усулдарын калыс баалап беришти.

Билим берүүгө кошкон өзгөчө салымы жана сынактын жүрүшүндө көрсөткөн кесипкөйлүгү үчүн ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынын мүчөлөрүнө уюштуруучулар тарабынан атайын Ыраазычылык каттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

ЖАМУнун жамааты облустук билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жана мектеп мугалимдеринин потенциалын жогорулатууда мындан ары да активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирет.