1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

ЖАШЫЛ ӨНҮГҮҮ ЖАНА STEAM-БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖАМУнун ОКУМУШТУУЛАРЫ ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШТҮ

ЖАМУнун окутуучулары жашыл өнүгүү жана STEAM-билим берүү маселелерине арналган илимий конференцияга катышты

2026-жылдын 25-27-июнь күндөрү Ысык-Көл жергесинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары кезектеги илимий иш сапарында болуп кайтышты.

Алар И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети тарабынан уюштурулган «Жашыл өнүгүү жана STEAM-билим берүү: жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты.

Конференцияда б.и.к., доцент  А.Д. Эгембердиева,  окутуучу К.А. Дыйканов,  окутуучу Д. Камчыбековалар өз илимий багыттары боюнча актуалдуу темаларда докладдарды окушту.

Конференциянын жүрүшүндө бүгүнкү күндүн эң маанилүү маселелери болгон экологияны сактоо, жаратылыш ресурстарын туура жана туруктуу башкаруу, билим берүү тутумуна STEAM-ыкмаларын киргизүү жана өсүп келе жаткан муундун "жашыл көндүмдөрүн" калыптандыруу багытында кеңири талкуулар болду.

ЖАМУнун өкүлдөрү сунуштаган илимий докладдар конференциянын катышуучулары тарабынан жогору бааланып, кызуу талкууну жаратты. Иш-чаранын соңунда биздин окутуучуларыбызга илимий коомчулукка кошкон салымы жана ийгиликтүү жасаган докладдары үчүн атайын тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.

Бул жетишкендик ЖАМУнун илимий потенциалынын өсүп жаткандыгынын жана экологиялык, инновациялык билим берүү багытында активдүү иш алып барып жаткандыгынын кезектеги далили болуп саналат.