1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

55

БИОЛОГИЯЛЫК АР ТҮРДҮҮЛҮК ЖАНА КЛИМАТ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУН САКТАП КАЛУУ КАДАМДАРЫ

ЖАМУнун окумуштуулары жаңгак-мөмө токойлорун сактоого багытталган эл аралык конференцияга катышып келишти.

Үстүбүздөгү жылдын 8-9-июнь күндөрү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, философия илимдеринин доктору профессор  Г.С. Токоева жетектеген университеттин профессордук-окутуучулар курамы: б.и.к., доцент А.Д.Эгембердиева, э.и.к., доцент А.Жороева, а.ч.и.к Б.Ж. Жээнбекова, улук окутуучу А.С. Болотова жогорку деңгээлдеги эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып келишти.

Иш-чара «Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору: дүйнөлүк жаратылыш мурасы жана биологиялык ар түрдүүлүк, климат жана туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык кенч» деп аталып, аймактагы уникалдуу экосистеманы сактоо, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу маселелерин ортого салды.

Эки күнгө созулган эл аралык форум абдан мазмундуу жана кызуу талкуулар менен коштолду:

8-июнь - Илимий секциялар жана талкуулар: Конференциянын алгачкы күнү катышуучулар атайын секциялык отурумдарда иштешти. ЖАМУнун окумуштуулары биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, токой ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана экологиялык билим берүү багытында илимий баяндамаларды жасап, кызуу дискуссияларга катышышты.

9-июнь - Арсланбоп токойчулугундагы көчмө жыйын: Иш-чаранын экинчи күнү түздөн-түз табигый кенчтин очогу болгон Арсланбоп жаңгак токойчулугунун аймагында улантылды. Окумуштуулар, экологдор жана эл аралык эксперттер, өнөктөштөр менен ачык асман алдында, жаратылыш кучагында токойлордун бүгүнкү абалын, аларды коргоонун практикалык кадамдарын жана келечегин талкуулашты.

Конференциянын соңунда катышуучулар тарабынан жаңгак-мөмө токойлорун сактоо, аларды илимий негизде изилдөөнү тереңдетүү жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча маанилүү сунуштарды камтыган тиешелүү резолюциялар кабыл алынды.

Бул иш-чара ЖАМУнун аймактагы глобалдык экологиялык маселелерди чечүүгө жана ата мекендик илимди эл аралык деңгээлде өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы чоң экендигин дагы бир ирет айгинеледи.