1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Элективдүү дисциплиналар каталогу (ЭКД) боюнча тегерек үстөл.

​Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын Биология, География жана Химия профилдеринин туруктуу өнүгүүсүн жана студенттердин жеке билим алуу траекториясын камсыз кылуу максатында илимий-методикалык тегерек үстөл уюштурулду.

​Иш-чарага ТИББ(б)-1-24, Б-1-23, ТИББ(х)-1-24 жана Г-1-23 тайпаларынын 2-3-4-курстарынын студенттери катышты.

​Тегерек үстөлдүн алкагында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан сунушталып жаткан элективдүү дисциплиналардын мазмуну, максаты жана күтүлүүчү натыйжалары боюнча кеңири мультимедиалык презентациялар жасалды. Ар бир окутуучу өзүнүн автордук курсунун заманбап илимдеги жана кесиптик ишмердүүлүктөгү актуалдуулугун илимий негизде ачып берди.

​Презентациялардан соң, студенттер менен окутуучулардын ортосунда конструктивдүү суроо-жооп жана талкуу жүрдү. Талкуунун жыйынтыгында, студенттер өздөрүнүн кесиптик кызыкчылыктарына жана келечектеги илимий-изилдөө багыттарына ылайык, элективдүү дисциплиналардын каталогун (ЭКД) сабаттуу түрдө тандап алышты.

​Иш-чара студенттердин кесиптик багытын айкындап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болорун ТИББ кафедрасынын башчысы доцент Бурулай Жолболдуевна белгилеп өттү.