1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

22 часа назад

9

Окуу практикасын жыйынтыктоо 

 Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун табигый-илимий билим берүү кафедрасынын ТИББ(Б)-1-24 жана ТИББ(Х)-1-24 тайпаларынын студенттеринин окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С. Жолдошалиева, кафедранын окутуучулары, практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

Окуу практикасынын негизги максаты – студенттердин теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөө, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана болочок адистикке болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Практиканын жүрүшүндө студенттер табигый объектилерге байкоо жүргүзүп, талаа материалдарын чогултуп, илимий-изилдөө иштеринин негиздери менен таанышышты.

Жыйынтыктоочу конференцияда студенттер практика учурунда аткарылган иштер боюнча презентацияларын сунуштап, өздөрүнүн алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле практика учурунда жүргүзүлгөн байкоолор, изилдөөлөр жана алынган жыйынтыктар талкууланды.

Практика жетекчилери студенттердин активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана чыгармачыл мамилесин белгилеп, алардын кесиптик даярдыгын өнүктүрүүдөгү окуу практикасынын маанисине токтолушту. Мыкты баяндама жана активдүү катышуу көрсөткөн студенттерге ыраазычылык билдирилди.

Жыйынтыктоочу конференция студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп, алардын илимий жана кесиптик өсүүсүнө чоң түрткү берди.