1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

28

Түрк дүйнөсүнүн географтарынын IV Эл аралык конгресси

2026-жылдын 15-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн Түрк дүйнөсүнүн географтарынын IV Эл аралык конгрессине, Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун, Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын улук окутуучусу Молдомусаева Асем Жолдошевна катышып келди. Иш-чарага Түрк дүйнөсүнө кирген өлкөлөрдүн алдыңкы окумуштуулары, географ-изилдөөчүлөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана жаш изилдөөчүлөр катышып, заманбап география илиминин актуалдуу маселелери талкууланды. Конгрессте аймактык өнүгүү, экология, климаттын өзгөрүшү, туруктуу туризм жана географиялык билим берүүнүн келечеги боюнча илимий баяндамалар жасалды.

16-май күнү конгресстин секциялык иштери Чолпон-Ата шаарында улантылды. Секциялык жыйындарда катышуучулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн сунуштап, тажрыйба алмашуу менен бирге география тармагындагы жаңы багыттар боюнча пикир алышты. Ошондой эле Ысык-Көл аймагынын жаратылыш өзгөчөлүктөрү, экологиялык абалы жана туризмди өнүктүрүү маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду.

Конгресс илимий кызматташтыкты чыңдоого, Түрк дүйнөсүндөгү географиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана жаш окумуштуулардын эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үчүн маданий тааныштыруу программалары да уюштурулуп, коноктор кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы менен таанышышты.