1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

26

Адаптациялык-педагогикалык практиканы жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

2026-жылдын 14-май күнү Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун, Табигый-илимий били берүү кафедрасында ТИББ(Б)-1-24 жана ТИББ(Х)-1-24 тайпаларынын адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чарага институттун жетекчилиги, кафедра окутуучулары, практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

Конференциянын негизги максаты — студенттердин практика учурунда алган тажрыйбаларын талдоо, жетишкендиктерин баалоо жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдыгын жогорулатуу болду. Практика учурунда студенттер жалпы билим берүү мекемелеринде болуп, мугалимдик кесиптин өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышып, сабактарды байкоо, тарбиялык иштерге катышуу жана окуучулар менен иш алып баруу боюнча тажрыйба топтошту.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика мезгилиндеги аткарылган иштер тууралуу баяндамаларды жасап, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин ортого салышты. Ошондой эле практиканын жүрүшүндө кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Студенттер өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүдө бул практика чоң мааниге ээ болгонун белгилешти.

Кафедра окутуучулары тарабынан студенттердин активдүүлүгү жана жоопкерчиликтүү мамилеси жогору бааланып, келечекте дагы педагогикалык тажрыйбаны өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды. Конференциянын соңунда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге ыраазычылык билдирилип, практиканын жыйынтыгы чыгарылды.

Адаптациялык-педагогикалык практика студенттердин кесиптик калыптануусунда маанилүү этап болуп саналат. Мындай иш-чаралар болочок мугалимдердин билим берүү тармагындагы тажрыйбасын арттырып, педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.