1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

23

Илимий-изилдөө практикасын жыйынтыктоо. 

2026-жылдын 14-май күнү Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын 550100 «Табигый-илимий билим берүү» багытынын География жана химия профилдериндеги ТИББ(Г)маг-1-24, ТИББ(Х)маг-1-24 тайпаларынын магистранттарынын 6 жумалык «илимий-изилдөө» практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Жыйынга илимий жетекчилер жана профессордук-окутуучулук курам катышып, тайпалардын магистранттары тарабынан практика учурунда аткарылган иштер боюнча отчеттор угулду. Практиканттар илимий темаларына ылайык билим берүү мекемелерине, илимий лабораторияларга жана токой чарбаларына бөлүнүшкөн. Практиканын жүрүшүндө ар бир магистрант өзүнүн илимий темасына байланыштуу анализдерди жүргүзүп, эксперименттерди аткарышты. Ошондой эле диссертациялык иштерин антиплагиаттык текшерүүдөн өткөрүштү. Илимий макалаларды эл аралык журналдарга жарыялашты.  

Жыйындын жүрүшүндө суроо-жооп жана талкуулар уюштурулду. Илимий жетекчилер тарабынан берилген суроолорго магистранттар татыктуу жооп берип, бир катар сунуштарды кабыл алышты.

Практиканын негизги максаты магистранттардын илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөө жана илимий багытта өз алдынча иш алып баруу көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Практиканын жүрүшүндө магистранттар маалыматтарды чогултуу, талдоо жүргүзүү жана илимий жыйынтык чыгаруу боюнча тажрыйба топтой алышты.

Жыйынтыгында ар бир отчет «эң жакшы» жана «жакшы» деген жогорку баалар менен кабыл алынды.