1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Б. Осмонов атындагы ЖАМУ жана Андижан мамлекеттик университетинин ортосундагы илимий коллаборация талкууланды

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун, Табигый-илимий билим берүү кафедрасында Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары т.и.к., доцент Эркаев Эргашали Махсудович, ф.и.д., профессор Абдураупов Отабек Азимжонович жана магистр эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкери Азимжонов Ахрорбек Отабек менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — эки окуу жайдын ортосундагы илимий жана окуу-усулдук коллаборацияны бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду.

​Жолугушууга ТИББ(б)-1-24, ТИББ(х)-1-24 жана Б-1-22 тайпаларынын студенттери жана профессордук-окутуучулук курам катышты. Пикир алмашуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй маанилүү маселелер көтөрүлдү:

​Андижан мамлекеттик университетинин окуу тажрыйбасы, кредиттик-модулдук системанын иштеши жана билим берүү программаларынын түзүлүшү боюнча маалымат берилди.

​Эки университеттин окутуучулары жана студенттери ортосунда биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, лабораториялык базаларды чогуу колдонуу жана заманбап технологияларды окуу процессине интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

​Билим берүүдөгү санариптик ресурстарды жана инновациялык педагогикалык ыкмаларды биргелешип иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.

​Мындай коллаборациялык жолугушуулар студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү байланыштарын жаңы тепкичке чыгарууга шарт түзөт. Бул кадам университеттер аралык түзүлгөн келишимдерди иш жүзүнө ашыруунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.