1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Талаа практикасынын алкагындагы изилдөөлөр. 

​Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын ТИББ(б)-1-25 жана ТИББ(б)-1-24 тайпасынын студенттери окуу-талаа практикасынын алкагында Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун экосистемасы жана биологиялык ар түрдүүлүгү менен жакындан таанышып кайтты. Практика учурунда коруктун жетекчиси Гүлмира эжеке Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу 2004-жылы Батыш Теңир-Тоонун уникалдуу жаратылыш комплекстерин сактоо максатында түзүлгөн. Кара-Кулжа районунун аймагында, Тар дарыясынын жогорку алабында, стратегиялык маанилүү Фергана жана Алай тоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан. Коруктун жалпы аянты 27,4 миң гектарды түзүп, анын 12,7% (3,5 миң га) токой массивдерине таандык экени боюнча маалымат берди.

О.э. студенттер өсүмдүктөр дүйнөсүнүн 808 түр катталганын. Алардын ичинен арча жана ийне жалбырактуу токойлор негизги экосистемалык ролду ойнорун жана жаныбарлар дүйнөсүнөн сүт эмүүчүлөрдүн жана канаттуулардын 32 түрү кездешерин айтып коллекция, гербарий жасоо методдору боюнча маалымат алышты.