1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

ТЫНЧТЫК - БИЗДИН ТАНДОО: ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!

2026-жылдын 23-апрелинде Табигый-илимий билим берүү (ТИББ) кафедрасында студенттер арасында террордук жана экстремисттик аракеттердин алдын алуу, ошондой эле зордук-зомбулукту болтурбоо максатында "Тынчтык - биздин тандоо: Экстремизмге жана зордук-зомбулукка жол жок!" аттуу агартуучу иш-чара болуп өттү.

Иш-чара кафедранын доценти б.и.к. А. Д. Эгембердиева жана окутуучу А. Болотбеков тарабынан уюштурулуп, ага атайын чакырылган адистер катышты:

- Калбаев Манас – Облустук Казыяттын өкүлү, имам;

- Абдувалип кызы А. – Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн майору;

- Ниязова А. – Милициянын капитаны;

- Дилдебаева Д. – Милициянын капитаны.

Иш-чаранын жүрүшү:

Жолугушуунун алкагында студенттерге диний баалуулуктарды туура түшүнүү, радикализмдин коркунучтары жана коомдук коопсуздукту сактоонун мыйзамдык негиздери боюнча кеңири маалыматтар берилди. Казыят өкүлү дин менен экстремизмдин ортосундагы айырмачылыктарды түшүндүрсө, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу жана мыйзам алдындагы жоопкерчиликтер боюнча чыныгы турмуштук мисалдарды келтиришти.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго адистерден жүйөлүү жоопторду алышып, ачык баарлашуу орун алды. Мындай иш-чаралар жаш муундардын укуктук сабаттуулугун арттырып, мекенчилдикке жана сабырдуулукка тарбиялоодо чоң мааниге ээ.