1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

ЗАМАНБАП ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ЛАБОРАТОРИЯСЫ: ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДИН ИННОВАЦИЯЛЫК АЯНТЧАСЫ.

​Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын алдында түзүлгөн "Микробиология, цитология, генетика жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы" боюнча илимий лаборатория бүгүнкү күндө студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн негизги борбору болуп саналат.

​Илимий лабораторияны тажрыйбалуу окумуштуу, биология илимдеринин кандидаты, доцент Алтынай Дүйшөевна жетектейт. Анын жетекчилиги астында лабораторияда илимий методологиянын тактыгы жана изилдөөлөрдүн сапаты камсыз кылынат.

​​Бул илимий борбор заманбап үлгүдөгү санариптик жана оптикалык микроскоптор, химиялык анализаторлор жана биологиялык объекттерди изилдөөгө багытталган жогорку технологиялык жабдуулар менен камсыздалган. Ар бир жумушчу орду заманбап микроскоптор менен жабдылып, клеткалык жана микробиологиялык деңгээлдеги изилдөөлөрдү жогорку тактыкта жүргүзүүгө шарт түзүлгөн.

​Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн багыттары

​Лабораториянын базасында төмөнкүдөй негизги илимий иштер ишке ашырылат:

​Микробиология жана цитология: - -микроорганизмдердин морфологиясын жана тирүү клеткалардын түзүлүшүн изилдөө.

​ -түрдүү биологиялык объекттердин тукум куучулук жана өзгөргүчтүк мыйзам ченемдүүлүктөрүн талдоо.

​ -өсүмдүктөрдүн өсүү-өнүгүү процесстерине сырткы чөйрөнүн таасирин жана фотосинтетикалык активдүүлүгүн лабораториялык шартта эксперименттөө.

​Лабораториянын эң башкы артыкчылыгы — студенттердин жана магистранттардын теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен бекемдөөсүнө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр. Мында:

​Магистрдик диссертациялардын эксперименттик бөлүктөрү даярдалат.

​Студенттик илимий ийримдердин алкагында микро-изилдөөлөр жүргүзүлөт.

​Жергиликтүү флоранын жана микрофлоранын өзгөчөлүктөрүн изилдөө боюнча илимий долбоорлор ишке ашат.

​Бул илимий лаборатория кафедранын илимий-педагогикалык потенциалын жогорулатуу менен бирге, аймактагы табигый илимдер боюнча адистерди даярдоочу инновациялык база катары кызмат кылат.