1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

"Студенттердин кесиптик тажрыйбасын эл аралык деңгээлде өнүктүрүү"

Б.Осмонов атындагы ​ЖАМУнун, илимий изилдөө өндүрүштүк комплекси менен Андижан мамлекеттик университетинин (Өзбекстан Республикасы) ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу кызматташтык келишиминин негизинде, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана региондор аралык илимий-академиялык байланыштарды чыңдоо максатында, Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Табигый-илимий билим берүү» кафедрасынын төмөнкү студенттери академиялык мобилдүүлүк программасына жөнөтүлдү:

1) Икрам кызы Зульфия – Б-1-22 тайпасынын студенти;

2)​ Шарифжанов Самандар – Г-1-23 тайпасынын студенти;

3) ​Мусаев Шахзод – ТИББ(Б)-1-24 тайпасынын студенти;

4)​ Табылды уулу Чубак – ТИББ(Б)-1-24 тайпасынын студенти. Жогорудагы аталган студенттер 2026-жылдын 13-апрелинен 25-апрелине чейинки аралыкта (I-модуль алкагында) Андижан мамлекеттик университетинин базасында тиешелүү багыттар боюнча окуу курстарын өздөштүрүү, лабораториялык изилдөөлөргө катышуу жана теориялык билимдерин практикада бекемдөө үчүн жиберилди.

Академиялык мобилдүүлүктүн негизги максаты:

     -эл аралык стандарттарга ылайык кесиптик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу;

​     -табигый-илимий багыттар боюнча инновациялык окутуу методдору менен таанышуу;

​     -эки окуу жайдын ортосундагы студенттик демилгелерди жана маданий-гуманитардык байланышты өнүктүрүү дейт ТИББ  кафедрасынын кафедра башчысы Бурулай Жолболдуевна.